Кыргыздардын улуттук оюндары

"Ак терек, көк терек" оюну.

Балдардын оюну. Чогулган балдар, кыздар акты-каралы болуп эки тарапка бөлүнүп, маңдай тескей эки бөлөк тизилип, бири-биринин колдорун бекем кармашат. Тутум боюнча оюн баштоого укук алган тарап жапырт үн менен:

- Ак терек, көк терек, бизден сизге ким керек, – дешет.

Экинчи тарап бир баланын же кыздын атын аташат. Аты аталган бала жүгүрүп келип, каршы тарапта кол кармашып тургандардын бош же алсыз деген жеринен үзүп кетүүгө аракеттенет. Кол кармашып тургандардын колун бөлө албай калса, өзү ошол тарапка кошулат. Эгерде кармашып турган колду бөлүп кетсе, бөлүнгөн балдардын бир тобун өз тарабына кошуп алат.

Ушундай эле аракетти экинчи тарап жасайт. Белгиленген убакыт бүткөндө кайсы тараптын балдарынын саны көп болсо, ошол тарап уткан болот.

Тогуз коргоол

Кыргыз элинин улуттук оюндары боюнча сөз козгогондо шак эле Көк бөрү, Кыз куумай көз алдыбызга элестейт. Ал эми дүйнөлүк деңгээлге ат оюндарынан Көк бөрү чыккан болсо, логикалык оюндарынан Тогуз коргоол эл аралык масштабда ойнолуп жатат. Сиздерге Тогуз коргоол оюну тууралуу маалымат берүүнү ылайык көрүп олтурабыз.

Тогуз Коргоолдун изилдөө тарыхынан

Орустун изилдөөчүлөрү «Байлардын кылаарга иштери жок тогуз коргоолду ойлоп табышкан» дешет. Ал эми кыргызда малчылар балдардын логикасын тарбиялоо үчүн ойлоп тапкан. Казактарда Каныкеев деген окумуштуу «Илгери адамзат дене даярдыгына муктаж болушкан. Аңчылык кылышкан, согушка чыгышкан. Дене даярдыгынын сапаты түгөнүп калгандан кийин алардын логикасын ойготуучу бир нерсе керек болгон. Башкача айтканда оюн ойлоп табуу керек болгондугунун негизинде тогуз коргоол оюну пайда болгон» деген.

Тогуз коргоол оюнунун эрежеси

Ар бир оюнчу партияны жеңип чыгуу үчүн 82 же андан көп коргоол утуп алуу керек. Уткан оюнчуга 1 упай берилет. 81 коргоол уткан болсо оюн тең чыгуу менен аяктайт. Жүрүштү баштоо укугу чучукулак менен аныкталат. Баштай турган оюнчу тактанын ак жагына олтурат. Өзү каалаган үйүндөгү (коргоол салынган чуңкур) бардык коргоолдорду колуна алып, ошол үйдөн баштап оң тарапты көздөй бирден коргоолду салып жүрүп олтурат. Ашып калган коргоолдорду атаандашынын үйүнөн 2-3-катары менен саналат. Атаандашынын үйүнө түшкөн акыркы коргоолдун саны жуп болсо, жүрүш жеңиш менен аяктап, ошол үйдөгү бардык коргоолдорду өзүнүн казанына салып алат. Тактанын тогуз чөйчөкчөсүн биз үй дейбиз жана уткан коргоолдорду жыйнай турган чөйчөкчөнү казан дейбиз.

Ак чөлмөк.

Кыргыз элинин эң байыркы оюндарынын бири. Оюн каалаган жерде ойнолот. Кыз-улан аралаш ойнойт. Оюнчулар жашына жараша жаатка бөлүнүшүп, оюнга калыс шайлашат. Ар бир жаатка ат коюлат. Мара белгиленет. «Ак чөлмөк» узундугу соомчо келген ак сөөк (бодонун шыйбылчагы), жонулган же ак менен сырдалган жыгач болот.

Калыс оюнчулардын бардыгына ак чөлмөктү көрсөтүп, андан кийин оюнчуларды тескери каратып тургузуп, алар ак чөлмөк кайсыл тарапка ыргытылганын билбей калсын үчүн бир тарапка таш, экинчи тарапка ак чөлмөктү ыргытат. Ыргытылган ак чөлмөктүн кайсы жерге түшкөнүн баамдоого эки жак тең даяр турушат. Түшөөр замат жапырт чуркашып ак чөлмөктү издей башташат. Биринчи тапкан оюнчу өз жаатынын атын үнүн бийик чыгарып атайт да, мараны көздөй чуркап жөнөйт. Атаандаштары ак чөлмөктү андан тартып алууга аракеттенишет. Ал тарттырып жибербей буйтай качып, жазгырып же өнөктөрүнүн бирине бере салууга аракеттенет. Эгер атаандаштары ак чөлмөктү тартып алса, алар да өз тобунун атын кыйкырып атап качууга тийиш. Ак чөлмөктү марага алып келген жак кайра ыргытат. Ак чөлмөктү марага бир жолу таштаган жаатка 1 упай эсептелинет. Калыс упайларды эсептейт, оюндун жыйынтыгын чыгарат. Оюн эрежесинин туура сакталышына көз салат. Эрежени оюнчулар бузган убакта «ышкырып» белги берип оюнду токтотот. Калыстын буйругун аткарбаган оюнчу оюндан чыгарылат. Оюндун жыйынтыгында кайсы жаат көп упай топтосо ошол жаат утат. Упайлар барабар болуп калса кайсы жаат оюнду аз бузса, ошол жаат жеңет. Ак чөлмөктү талашууда кийимден, колдон, буттан тартпастан, түртпөстөн, оюнчунун колундагы ак чөлмөктү гана алууга аракеттенүү керек. Оюн күч сынашмай оюндарынын катарына да кирет. Оюн көбүнчө айлуу түндө ойнолот. Бул оюн «ака чөөл» деп да аталат.

АТ ЧАБЫШ

Ат чабыш кыргыз элини эң манилуу жана кызыктуу оюндарынын бири. «Манас эпосунда » да ат чабыш тууралуу көп маалыматтар бар. Күлүк аттарды саяпкерлер таптайт. Чабылуучу аттын кандай күлүк экендигин алдын ала көрө билген сынчылар, чабышка түшкөн аттардын сүрөөчүлөрү болот.

Ат азыр көбүнчө айлампада, кээде түз жолдо чабылат. Атты токулуу да, жайдак да чапса болот. Күлүктү минип чапкан бала чабендес деп аталат. Мелдешке 8-14 жаштагы уландар 3 жаштан жогорку бардык тукумдагы атты минип катыша алат. Ат 1200 метрден 50 километрге чейинки аралыкка чабылат. Ат чабышта жолду кыскартууга, башка бирөөнүн атын камчы менен чабууга, жолдон тороого болбойт. Күлүктөрдүн алдыга чыгып келгендерине жараша жеңүүчүлөр аныкталып, байге ыйгарылат. Эгер аттар бир нече кезекке бөлүнүп чабылса, анда байге убакыт боюнча (ээлеген орду) аныкталат. Ат чабышта күлүктүн алдыга чыгып келиши анын саяпкерине жана саяпкердин айтканын так аткарган чабендеске жараша болот.

ЖАА ТАРТМАЙ

Кыргыз эли өз тарыхында ички, тышкы душмандарына каршы күрөш жүргүзүп, элин, жерин туруктуулук, баатырдык менен коргоп келген. Кыргыз эли өз эркиндигин коргоодо аскер куралдарын, анын ичинде жааны да колдонгондугу белгилүү. Бул жөнүндө «Манас» эпосунда да айтылат:
Жамгырдай кылып жаа тартып,
Мөндүр кылып ок атып…
Камыштый найза кылкылдап,
Кылыч, мылтык жылтылдап.
Очогор огу жаңырып,
Жаа- жебе огу жабылып…
Мылтык менен урушуп.
Маңдай-тескей турушуп
Мылтык атып, жаа тартып,
Карсылдашып урушуп.
Жаанын огу чыркырап,
Тийген жери быркырап,…

Жаа байыртадан эле мергенчилик куралы болгон. Аскер куралдарынын бири катары да пайдаланышкан. Атчан чаап бара жатып жаа тартышкан. Азыркы кезде спрортук оюн катары кеңири колдонулат. Жаа тартмай аралыкты көз болжол менен өлчөй билүүгө, бутаны түз мээлөөгө, шамдагайлыкка көндүрөт. Азыркы кезде бул оюндун ат минбей жөө туруп жаа тартышкан жөнөкөй түрү кеңири тараган. Оюн тегиз жерде ойнолот.

Оюн сыртта ойнолсо, кокусунан жебе жаңылбас үчүн бута коюлуучу жакка эч кимди жолотпоо керек. Оюнду 15-20 оюнчу ойнойт. Жаа, бир нече жебе, узундугу 50 сантиметр келген таякча даярдалат. Оюнга калыс шайланат. Калыс оюнчуларды эки жаатка бөлөт. Жаат башчыларын дайындайт. Оюнчулардын жаш өзгөчөлүктөрүнө жараша жаа тартылуучу чек жана бута атуучу жер (аралыгы 20-25 метр) белгиленет. Ал жерге бута коюлат. Жаат башчылары же өкүлдөрү таяк кармашып же чүкө калчашып, бири оюнду баштоо укугун алат. Оюнду баштаган жааттын оюнчулары жаа тартып бүтүшкөндөн кийин кезек экинчи жааттын оюнчуларына барилет. Ушул жол менен оюн белгилүү убакытка чейин ойнолот. Оюнчулар кезек менен тике туруп, бутаны бир жолу гана атышат. Жаанын жебеси бутага канча жолу тийсе, жаа тарткан жаатка ошончо упай берилет. Жебе бутага тийбесе упай берилбейт. Калыс упайларды санап. Оюндун акырында жаат башчылары менен бирдикте жалпы санын чыгарат. Кайсы жааттын упайлары көп болсо, ошол жаат утат.

КӨК БӨРҮ

Кыргыз элинин ат үстүндө ойнолуучу спорт оюндарынын бири. «Манас» эпосундагы:
Бөлүнүп ордо, чын мөрөй,
Атпай турган жер бекен?
Жатпай оюн, көк бөрү
Тартпай турган жер бекен? - деген саптар көк бөрүңүң байыркы оюндардан экендигин баяндайт.

Көк бөрү тегиз жерде ойнолот. Оюнга 10-15 жаштагы уул балдар кунан минип катышат. Оюнчулардын саны чектелбейт. Оюнчулар өздөрүнөн оюнга калыс шайлашат. Калыста эчкинин чылгый териси болот. Ал «Көк бөрү» деп аталат. Деги эле «Көк бөү» деген терминдин келип чыгышы, илгерки күчкө толуп турган жигиттер кадимки эле бөрүнү (карышкырды) чаап алып, талашып- тартышып ойношкондугу менен байланышкан. Азыркы мезгилде бул оюн шартка ылайыкташтырылып, кыйла маданиятташтырылган. Эгер көк бөрүгө 17 жаштанөткөн карылуу жигиттер катышса, башы кесилген улак (көбүнчө серке), айрым учурда торпок да тартылат. Көк бөрү тартылуучу жер, мара белгиленет. Калыс оюнчуларды шамдагайлыгына, чабендестигине жараша барабар санда эки жаатка бөлөт. Ал атчан келип, колундагы көк бөрүнү оюнчулардын ортосуна таштайт. Оюнчулар ат менен жоолошуп келип, алардын ичинен мыкты чабендеси көк бөрүнү эңип алып качып жөнөйт. Ал көк бөрүнү ыңгайы келсе өнөктөштөрүнө берүүгө, аягында марага таштоого, ал эми атандаштары көк бөрүнү андан жулуп алып, өздөрү марага таштоого аракеттенишет.

Оюндун жүрүшүндө кайсы жаат көк бөрүнү марага таштаса, ошол жаатка бир упай берилет. Калыс, упайларды каттап турат. Оюндун акырында упайлар эсептелет. Кайсыл жаат көп упайга ээ болсо, ошол жаат, оюнда утут. Бул оюн «Улак тартыш» деп да аталат.

Кыргыз улуттук оюндары