Эки жаш үйлөнүүдөгү салт.

Эки жаштын үйлөнүүсү Аааламдын негизги тартиби. Үйлөнүү кыз- жигиттин эрки жана каалоосу , тандоосу менен Кыргыз каада- салтынын негизинде болот. Үйлөнүү- Кайыптан буйрулат.

Кыз төркүнүнөн узар күнү берилүүчү үлпөт той «Кыз тою» деп аталат. Кыздын жакшы көргөн жеңелери анын чачын экиге бөлүп өрүп, азем жасалгаларын тагышат, кооз шөкүлөнү кийгизет.

Бул кечеде эки тараптын жаштары көңүл ачышат, түрдүү үлпөт ырлары ырдалат. Ар кандай оюндар (ак чөлмөк, кур таштамай) ойнолот. Жаштар «Жар-жар» айтышат. Кызды жеңелери, жакын курбулары коштоп жүрүшөт. Колуктунун жүзүн үлпүнчөк менен жаап коюшат. Салт боюнча колукту­нун бетин ачып көрсөткөндө, анын жеңелерине күйөө тараптагылар көрүндүк берүүгө тийиш.

Кыздын эне-атасы, жакындары ак батасын берип узатышат. Кайын журтун сыйлап, урматтап жүрүүгө үндөшөт. Кыздын энеси, чоң энеси, жеңелери кыз менен коштошуп, «кошок» айтышат.

Кыз узатуудагы кошок

.

Кыз өз үйүнөн узагандан кийин той күйөө тарапта улантылат. Жаңы келген келинди чачыла (боорсок, конфет, тыйын) чачып тосуп алышат. Ал эки жаштын өмүрүнө молчулук тилөөнү билдирген. Кыздын башындагы шөкүлөнү алып, кайненеси ак жоолук салат, келинди ак көшөгөгө киргизишет. Жоолуктун түсү- ак никенин символу.

Ошондуктан келинге «Ак жоолугуң башыңдан түшпөсүн», «Көшөгөңөр көгөрсүн! » деп бата берүү салтка айланган. Той өткөнчө келин көшөгөдө отурат, жанында кайын сиңдилери отурушат. Келин көргөнү келген аялдар анын башына жоолук салышат, же көрүндүгүнө акча беришет.

Келин күйөөсүнөн улууларды жүгүнүп тосуп алат; жүгүнүү, биринчиден, учурашууну, саламдашууну билдирсе, экинчиден, улууларды урматтоонун, сыйлоонун белгиси болуп саналат.

Баардык жөрөлгөлөр каада- салттын негизинде жазалгандан кийин эки жаштын ант берүү же жолун ачуу ырымы болуп, Касиеттүү Аксакалдын « батасынан» (Кыдыр ата сыпаатындагы) , Касиеттүү эненин «тилегинен»(Умай эне сыпаатындагы) кийин, эки жаштын эгиздей, эриш- аркак болуп бир очоктон түтүн булатуусу башталат.

Үйлөнүүдөгү «ант» берүү жөрөлгөсү

Үйлөнүп жаткан жаштардын эӊ жакын туугандарынын алдында эки жашты отургузуп, Касиеттүү Аксакал, Касиеттүү Эне эки жашка кайрылат:

«Балдарым үйлөнүү кайыптан буйрулду, Кудайдан буйрулду! Кудай буйруп экөөӊдүн атаӊар - куда болду, экөөӊдүн энелериӊер- кудагый болуп жатат бири- бирине. Үйлөнүүдө экөөӊөр ант аласыӊар. Ант бул Ааламдык негизги тартип, бузганы болбойт, аткарылат. Үйлөнүү салты Ааламдын негизги тартиби, бузганы болбойт. Эки жаштын үйлөнүүсү ант болуп эсептелет. Үйлөнүп жаткан эки жаш эгиз болуп жашагыла! Экөөӊ эрегишпе, атаандашпа, бир бүтүмдүктө болгула»

    «Ант берип кой балам» деп кыз кишиге кайрылат.
    Кыз киши :
    « Кайын журтту сыйлоону, Алганыма акжолтой болууну, Ак элечекти башымдан оодурбоону, Кармашкан колубуздун бузулбасына Ант берем!»

    Жигит:
    «Алган жарыма эгизимдей мамиле кылууга, Кайын журтту сыйлоого, Ынтымактуу үй- бүлө курууга, Ант беремин! Аткарбасам антымды, Төбөсү ачык көк урсун! Төшү түктүү Жер урсун! Көкө Теӊир өзү урсун!»

    Касиеттүү Аксакал ак- батасын берет:
    Куш бооң бек болсун, ___________(жигиттин ысымы),
    Көшөгөң көгөрсүн, _____________(кыз кишинин ысымы)!
    Сапарыңар байсалдуу болсун, баш кошкон эки жаш!
    Алдыңарды бала, артыңарды мал бассын.
    Кармашкан колуңар түбөлүк ажырабай,
    Бириңе-бириң өйдөдө өбөк,
    Ылдыйда жөлөк болгула, түгөйлөр.
    Көрүнбөй өрттөгөн көздөн,
    Көмүскө жойлогон сөздөн,
    Буйтап качкан жолдон,
    Бөлүп-жарган колдон Кудайым сактасын.
    Атпай кыргыз журтунун абыройлуу,
    Ак жолтой, уул-кыздарынан,
    Уюткулуу үй-бүлөсүнөн болгула.
    Омийин! Деп бата берилет.

    Эки жашка Ак-бата

Жаңы үйлөнгөндөргө антташкан күнү Өкүл ата, Өкүл эне шайланат. Аны келиндин кайната, кайненеси көңүлү жакындарынан тандап алат. Өкүл ата, Өкүл эне жаңы үй-бүлөгө кеп-кеңештерин айтып, үй-бүлөлүк турмушту туура алып кетүүгө ар дайым көмөкчү болушат. Өкүл ата, Өкүл эне- Ааламдан бекитилген өкүл, экинчи ата- эне.

Эки жаштын жолун ачуу

Бойго жеткен кыз жана эркек балдарга карата өткөрүлүүчү каада-салттар:

  • сөйкө салуу;
  • жуучу болуу;
  • куда түшүү;
  • жар көрүү;
  • келин алуу;
  • кыз узатуу;
  • куда тосуу;
  • үйлөнүү үлпөтү;
  • келин көрүү;
  • күйөө баланы жүгүнтүү;
  • жол ачуу (нике кыюу);
  • өкүл ата шайлоо;
  • төркүлөө;
  • ачуу басар;
  • отко киргизүү;
  • аркан тосуу;
  • ак чачуу (дан чачуу);
  • чачыла чачуу;
  • сөз айттыруу;
  • куданын алдына түшүү;
  • калың төлөө;
  • куугунга баруу;
  • сеп берүү;
  • күйөө баштык берүү;
  • сүт акы берүү;
  • кийит кийгизүү;
  • бүчү боо берүү;