Төрөлгөн баланын торолушуна болгон аракеттер.

Наристени күтүп алуу жана анын төрөлгөндөн баштап торолгонго чейики кыргызда сакталып калган салтуу ырым-жырымдардын аткарылышы убалакы унутулуп калган. Ошону жандандантуу аракетинде тушүндүрмө берилмекчи.

Үй-бүлөө күтүү эки тараптын эркин калоосу менен коомдо колдоо көргөзүп жаңы үй-бүлөөлүүлөргө ар тараптан, айрыкча ата-эненин колдоосу негиз. Ошондон улам урук-тукумду асырап алууда келинге кайын эненин аракети зор.

Бой күтүүдө негизги талаптар:

  • Оор оокат-иштерине катыштырбайт.
  • Бойунда бар келинди эл көзүнө көп көргөзбөйт.
  • Конок келсе да көз тийбесин, элге сөз кетпесин деп көргөзбөгөнгө жана конокту башка абысын келиндерге же кыздары болсо конокту тосуп алууда дасторкон жайуу жана тамак-аш узатат. Бойлуу келинди катыштырбайт.
  • Умайчылык жөндөмү бар улуу жаштагы карыя апалардын эми-деми жана ар кандай кырдаалда бойлуу келиндин абалын көзөмөлгө алуу.
  • Мында бойлуу келинге көз тийүү, чочуп калуу ж.б. билинбеген майда-барат орунсуз абалдардан сактап, ысырап алуу аракеттери көргөзүлөт.

Төрөлгөн ымыркай наристени ырымын аткаруу:

Үчүлүгү: Үч күн булактын суусу менен арча ж.б. чөптөрдүн демдөөсү менен киринтүү. Туздалган суу менен сырткы терисин бышыруу. Анткени 9 ай бойу эненин курсагындагы суйуктуктун ичинде өнгөн. Анын териси жука болуп, ар кандай ысык-сыздооко каршы дене терин каттыттырат.

Жетилиги: Алгачкы жети сезимди бекитүү ырымы. . Алар: 1- ачкалыгын; 2- токтугун; 3- жыт; 4- угуу; 5- көрүү; 6- ойгонуу 7- уктоосу. Бул жети жөндөмдөр бездердин иштөөсү менен болот. Жан дүйнөсү Умай-Эненин көзөмөлүндө улам макулук сезимине маалыматтар ууз сүтү менен сугарылып, “эмип” турушу табыгый мыйзам. Алгач, энелик мүдөө сүт аркалуу катылган мүдөөнүн маалыматтары менен камсыздалат. Бала эненин курсагында кошумча жанбөлүк (биоорган) сымал болсо, төрөлгөндөн кийин “эне-баланын” бир бүтүндүгүн ажырымдык абалда болгон байланыш эне сүтү менен берилет.

Кыркылыгы: Кырк күн элге көргөзбөйт. Аты аталса да угузулбайт. Ошондуктан эртерээк атын атоого шашылбаган. Атын билгилер, улуу курактагы кары адамдар же кайып илиминдеги айанчылар, эмчилер кандайдыр бир сыр жаратылыштын кубулушуна, өтүп кеткен касиет бабалардын байланышы байкалса ошол ысым ыйгарылат. Чын аты кыркылыгын чыгарып жатканда жалпы элге жарыя сала айтылган. Кыркылыгын чыгаргыча чоң энелер умайчылык жөндөм менен эркек балага куракталган боор-көйнөк курап кийгизет. Курак жашы улуу курактагы аталардын көйнөк чапандарынан кесип алышат. Кесинди чүпүрөк эл башында орду бар, элге билинип калган орто, жаш муундагылардан да алынат. Кыз балага да курактар айалзатынан, байбичелерден кишиден чогултулат. Мында кырк деген сандын күч касиетине, адамдагы кырк сапат-сыпатына баа берилгендиктен ымыркайга ошол күч-кубаттын илеби жугуп калсын деген ишеним үчун жасалган ырым.

Тушоо тою: Бала бирге толгондо тушоо тойун өткөрөт. Азыркы кезде тушоо кесүү деп айтылып калган. Мында балдардын жаш курагына жараша жарыка чыгарат да ким биринчи келсе чоң байгелүү болот. Биринчи келген кайчы же маки алып баланын бутунда байланган жипти кесет. Бул ырым тушосу кесилген соң эми даана өсүп-өнүүгө жол ачылды дегендей ой-ырымы. Кара жана ак жүндөн ийирилген жипти дайардашат атайын. Ак менен караны таанып өссүн деген мааниде. Акка сый болсун, караны таанысын же кара күчтүн сырын да унутпасын дегендей жана анын чечмеле ойлор көп. Мындай адам баласында эң алгачкы той деп эсептелет. Тушоо тойдун ээси алына, байлыгына жараша кадаасын аткарат. Ат чабылат, улак тартышат ж.б. кыргыз ойундарын көргөзөт.

Ал эми кийинки жакынкы учурларда кай бир иликтөө иштериндеги кыргызчылыкты таанууда тушо жибин кеспей, аны чечүү керектиги айтылат. Андай түшүнүктү да кабыл алса болот. “Чечүү” деген сөздүн өзү келечекке карай ата-энесини аракети менен той өткөрүлүп баланын жолун чечип, ак жолдугун негиздейт деген ой да жакшы.

Балага ырдалган кошок

.