Жакындары кишинин «жаны» денесинен ажыраганын(кайтыш) болгонун билгенде кошуна-колоӊдорун, тууган- туушкандарын чакырышат. Кайтыш болгон кишинин үйүнүн жанына боз- үй тигилет. Эгер эркек киши каза болгон болсо боз-үйдүн сол тарабына, аял киши кайтыш болсо боз- үйдүн оӊ тарабына башын гүн чыгышты каратып жаткырышат. Кайтыш болгон адамдын алдына кийиз тошоп, жыланач денесинин үстүнөн денени ысык- сууктан сакталчудай кылып жабылып коюлат. Эгер каза болгон кишинин көздөрү же оозу ачык болгон болсо, жакын адамы маркумдун ээгин түздөп, оозун, көзүн жабып коет.
Өлүктү ирээтке келтиргенден кийин жоктоп ыйлоо башталат.Ыйга элдер чогулат. Кайтыш болгон кишинин денеси жаткан боз- үйдө аял кишилер эле болушат. Кишини жоктоп ыйлашып үн катуу чыгарып «кошок » айтылат.
Эркек кишилер боз- үйдүн сыртында үн чыгарып ыйлашат. Кайтыш болгон кишинин эӊ жакын эркек биртуугандары боз- үйдүн сыртына жөлөнүп алышып «Эсил кайран атам ооо», «Эсил кайран апам ооо», «Эсил кайран агам ооо», «Эсил кайран эжем ооо» ж.б. деп жоктошуп катуу үн чыгарып жоктоп ыйлашат.
Аза күтүү күнүндө баардык кишилер улуттук баш кийимдерин чечишпейт.
Баардык алыскы туугандарына, жек- жаатарына, курбу- курдаштарына каза болгондугу туураалуу кабар жиберилет.
Каза болгон кишини жоктогону келе жаткандардын алдында эркектер, арттарында аялдар келишет.Эркек кишилер Боз- үйгө жакын калганда катуу өкүрүп, «Эсил кайран атаке (апаке, байке, эжеке, таяке ж.б.) эми кайдан коройун!», деп жоктошот. Аял кишилер боз-үйгө кирип жоктоп ыйлашат.Улам жоктоп келген кишилердин алдында, боз- үйдүн сыртында Аксакал киши кайтыш болгон адамга эскерүү батасын кылып турат:
«Оо Жараткан Теӊир, Кудай – бул Аааламды, Ар- бир кишини, Табиятты башкаруучу Улуу Күчсүз! Жоктон бар кылуучусуз, бардан жок кылуучусуз , жан алып жан салуучусуз, жандүйнөнү остурүүчүсүз, кечиримдүүсүз, кереметтүүсүз , колдоочусуз, коргоочусуз эки көзгө көрүнбөгөн көк мейкиндиксиз!
Омийин, ушул эскерүүнүн касиетин «өтүп кеткен кишинин» арбагына багышталсын , жаткан жери жайлуу болсун , топурагы торкоо болсун! Жанына, жандүйнөсүнө Жаратканым бийик дүйнөдөн орун бер, жарык дүйнөдө жан дүйнөнүн жардылыгынан жаӊылып калса, адашып калса Жаратканым озуӊ кечир». Омийин!
Эскерүү батасын кылгандан кийин жоктоп келген кишилер үйгө кирип чай ичишет. Киши каза болгон күнү мал союлат - «арбак ачка жатпайт».
Үчүнчү күнү кайтыш болгон кишинин денесин жерге берээрде денесин жылуу суу менен жууйт. «Сөөк жуу» кайтыш болгон адамдын эӊ жакын адамдары катышат. Эркек кишинин сөөгүн эркектер, аял кишинин сөөгүн аялдар жуушат.
<«Сөөк жуу» учурунда боз- үйдө бул ырымды аткара турган эле кишилер калышат. Андан соӊ денеси ак чүпүрөк менен оролот. Касиеттүү аксакал денени узатуу сөзүн айтат:
«Оо Жараткан Теӊир, Кудай – бул Аааламды, Ар- бир кишини, Табиятты башкаруучу Улуу Күчсүз! Жоктон бар кылуучусуз, бардан жок кылуучусуз , жан алып жан салуучусуз, жандүйнөнү остурүүчүсүз, кечиримдүүсүз, кереметтүүсүз , колдоочусуз, коргоочусуз эки көзгө көрүнбөгөн көк мейкиндиксиз!
Омийин, ушул эскерүүнүн касиетин «өтүп кеткен кишинин» арбагына багышталсын , жаткан жери жайлуу болсун , топурагы торкоо болсун! Жанына, жандүйнөсүнө Жаратканым бийик дүйнөдөн орун бер, жарык дүйнөдө жан дүйнөнүн жардылыгынан жаӊылып калса, адашып калса Жаратканым озуӊ кечир». Омийин!
Аксакалдын жанына каза болгон адамдын эӊ жакыны чыгып жанында турат. Акыркы эскерүү батасы бүткөндө эркек кишилер каза болгон кишини көтөрүп алып денесин жайга бергени жөнөшушөт- «сөөктү узатуу». «Сөөктү узатууда» баардыгы жоктоп катуу ыйлашышат.
Аял кишилер боз- үйгө киришип керегени карап алышып «кошок» кошуп катуу ыйлашат. Кошокто каза болгон кишини эскерүү сөздөрү айтылат.
Адам каза болгондогу кошок
.Каза болгон кишинин денеси жерге берилгенден кийин топурак салганы келген элдин алдында касиеттуу Аксакал жоктоо батасын берет:
«Оо Жараткан Теӊир, Кудай – бул Аааламды, Ар- бир кишини, Табиятты башкаруучу Улуу Күчсүз! Жоктон бар кылуучусуз, бардан жок кылуучусуз , жан алып жан салуучусуз, жандүйнөнү остурүүчүсүз, кечиримдүүсүз, кереметтүүсүз , колдоочусуз, коргоочусуз эки көзгө көрүнбөгөн көк мейкиндиксиз!
Омийин, ушул эскерүүнүн касиетин «өтүп кеткен кишинин» арбагына багышталсын , жаткан жери жайлуу болсун , топурагы торкоо болсун! Жанына, жандүйнөсүнө Жаратканым бийик дүйнөдөн орун бер, жарык дүйнөдө жан дүйнөнүн жардылыгынан жаӊылып калса, адашып калса Жаратканым озуӊ кечир». Омийин!
Кишини акыркы сапарга узатуу жөрөлгөсү бүткөндөн кийин жетилигин, кыркылыгын, анан жыл өткөндө жылдык ашын өкөрүү күнү белгиленет.
Кайтыш болгон кишинин жакындары эскерип, Жаратканга кайрылып турушат:
«Оо Жараткан Теӊир, Кудай – бул Аааламды, Ар- бир кишини, Табиятты башкаруучу Улуу Күчсүз! Жоктон бар кылуучусуз, бардан жок кылуучусуз , жан алып жан салуучусуз, жандүйнөнү остурүүчүсүз, кечиримдүүсүз, кереметтүүсүз , колдоочусуз, коргоочусуз эки көзгө көрүнбөгөн көк мейкиндиксиз!
Омийин, ушул эскерүүнүн касиетин «өтүп кеткен кишинин» арбагына багышталсын , жаткан жери жайлуу болсун , топурагы торкоо болсун! Жанына, жандүйнөсүнө Жаратканым бийик дүйнөдөн орун бер, жарык дүйнөдө жан дүйнөнүн жардылыгынан жаӊылып калса, адашып калса Жаратканым озуӊ кечир». Омийин!
Кыргыз болуп төрөлгөн соң мындан ары өмүр өткөнчө жашоо эрежеси салттуу жүрүмдөр менен коштолот да акыры дүйнө салат (каза болот). Кишини акыркы сапарга узатуу жүрүмү биз кыргыздар үчүлтүгун, жетилигин, кыркылыгын, анан жыл өткөндө жылдык ашын өкөрүп келебиз азыркы мезгилге чейин. Бул салт канча деген доорлорду баскан. Ошентип кишини узатууда: