Ар- бир Кыргыздын Жаратканга кайрылуусу.

Оо, Жараткан Теӊирим!
Жалынмак менден,
Жалгамак жалгыз сенден.
Агарып аткан Таӊыӊа,
Жарыкчылык берген Күнүӊө,
Багыт берген Айыӊа,
Өзүӊ жараткан
Жер, Суу, Тоо, Ташыӊа,
Баардык Жан- жаныбар, Жаратылышыӊа,
Мага берген Жашоо, Өмүрүӊө,
Иштеп жаткан ишиме,
Жолуктуруп жаткан Таза пейил Кишилериӊе,
Насип берген Тузуӊа,
Берген баардык жашоо Рахаттары үчүн
Бир Өзүӊө башымды ийип,
Ыраазымын! Ыраазымын! Ыраазымын!
Оомийин!