"Манас" – кыргыз элинин улуу баатырдык эпосу.

"Манас" эпосу дүйнө жүзүндөгү эң чоң поэма болуп эсептелет - 500 553 ыр сабынан турат.
Бул көлөм манасчы Саякбай Каралаевдин айтымындагы үчилтиктен куралып саналат:
"Манас" - 84 830 сап, "Семетей" - 397 775 сап, "Сейтек" - 17 948.

"Манас" эпосунун өзүн гана алганда, эң чоң көлөмдөр бул манасчыларга таандык:

"Манас" эпосу - кыргыз элинин басып өткөн тарыхый жолун чагылдырган эпикалык чыгармасы. Кыргыз элинин дүйнөлүк маданият казынасына кошкон эң зор салымы. Эпостун баш каарманы - Манас баатыр - "тарыхый киши болгонбу, болсо ал качан жашап өткөн, кандай иштерди кылган" - сыяктуу суроолорго азырынча бир жактуу, так жооптор бериле элек.

Мындай суроолорго толук жооп берүү үчүн эпостогу тарыхый оқуяларды, мифологиялык түшүнүктөрдү, эпостун тилин, диний ишенимдери, эпостун айтымдарынын арасындагы айырмачылыктарды, каармандардын сүрөттөлүшүн, сюжетин изилдеп аларды тарыхый окуялар, каармандар, булактар менен байланышытырып изилдеп чыгуу керек жана келечекте көптөгөн изилдөөлөрдү талап кылат.

«Манас» алгач жаралганда эле азыркы көлөмүндөгү, сюжеттик түзүлүшүндөгү чыгарма болгон эмес. Улам кийинки муундагы айтуучулар, жомокчулар, манасчылар, толуктап, мазмунун кеңейтип, байытып, сюжети татаалдашып олтуруп, бүгүнкү күндөгү деңгээлге келген.

Maнac, Aлмaмбeт, Бaкaй, Kaныкeй, Cыpгaк, Чyбaк, Ceмeтeй, Ceйтeк, Kүлчopo – өз элине чексиз берилген, чыдамкай, тапкыч, мекени үчүн жанын берүүгө даяр чыныгы баатырлар. Алар бул сапаттарын эпостун жүрүшүндө иш жүзүндө көп жолу далилдешет.

Эпостогу окуялар жок жерден ойлоп табылбай, чыныгы турмуштан алынып, кыргыз элинин басып өткөн жолун, ар кандай уруулардан куралышын баяндайт. Ага эпостогу төмөндөгү саптар далил:

Aк мapaл бaгып yй кылдым
Kypaмa жыйнaп эл кылдым

Эпостун сюжети кыргыз элинин турмушунда маанилүү роль ойногон окуяларды чагылдырат. Эпостогу адамдардын табышмактуу ысымдары, шаарлардын, өлкөлөрдүн, элдердин (уруулардын) аталыштары да бекеринен эмес.

Мисалы, "Чоң казаттагы" Бээжинге болгон жүрүш - бул IX – кылымдагы кыргыздардын уйгурларды жеңгенин эске салат.

Эгер оозеки элдик чыгармачылыкка тиешелүү окуяларда жана аталыштарда апыртмалардын болушун табигый нерсе катары кабыл алсак, анда эпостогу кээде кытайлар, кээде калмактар деп аталып, кыргыздардын негизги душмандары болгон Aлooкe, Жoлoй, Эceнxaндар тарыхый булактарда калган чыныгы инсандардын прототиптери болушу мүмкүн.

Мисалы:

1. Эceнxан (кaлмакча өз аты Эceн-тaйджи) - чынында эле XV-кылымда жунгар (калмак) кошундарын башкарган, 2. Алооке (калмакча өз аты – Аляку) болсо - XVII кылымда жунгарларды жетектеген, 3. Жолой (өз аты Елюй, бирок көпчүлүк түрк тилдеринде кыргыздын "дж" тыбыштарына "е" тыбышы туура келгендигин эске алсак "Елюй" - Жолой болуп окулат) X-кылымдын аягында Түндүк Кытайдан келип, кыргыздарды басып алган монгол уруулары кыдандардын (кара-кытайлардын) жетекчиси болбогон.

Эпосто кыргыздар менен достук алакада болуп, душмандарга жана талап-тоноочуларга каршы чогуу чыгып жүргөн көптөгөн уруулар жана элдер да аталат. Алар кыргыздар менен жакшы мамиледе болгон oйpoттор, нoгoйлор, нoйгyттар, кaтaгaндар, кыпчaктар, apгындар, жeдигерлер жана башкалар. Булардын баары кийин кaзaк, өзбек, монгол, тажиктер менен аралашып кетишкен.

Эпосто ар түрдүү фaнтacтикалык пepcoнaждар, мисалы, "тоо жылдырган" – Maдыкaн дөө, жалгыз көздүү Maлгyн, адамча сүйлөгөн канаттуу аттар, сыйкырдуу окуялар, мисалы, Айчүрө ктүн аккууга айланышы, Алмамбеттин аба-ырайын өзгөртү шү, гиперболизмдер (күчөтү п айтуулар), мисалы, сан жеткис аскерлердин 40 күн бою эс албай тынбай жүрүшү , калыңга деп берилген жүз миңдеген малдын, ага кошуп эсеби жок жапайы айбандардын айдалып келиши, бир эле баатырдын душмандын жүз эле эмес миңдеген жоокерлерин жеңип коюшу ж. б. - көп колдонулат. Булардын баары элдин эгемендиги жана боштондугу үчүн жанын аябаган реалдуу адамдардын өлбөс - өчпөс көркөм образдарын түзүүнүн каражаты катары гана кызмат кылат.